www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Адахан Мадумаровдун тарапташтарынын кармалышы боюнча билдирүү таратты. 

УКМК тарабынан мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо жана конституциялык түзүлүштү коргоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө өлкөдө массалык нааразылык акцияларын жана ири толкундоолор, андан кийин бийликти күч менен басып алуу үчүн жашыруун даярдыктарды жүргүзгөн “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттеринин бети ачылып, бөгөт коюлду.

Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Массалык баш аламандыкка чакыруу) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында 2023-жылдын 6-июлунда УКМК тарабынан “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын Чүй облусунун Сокулук, Москва райондорунда жана Бишкек шаарында 10 активдүү мүчөсүнүн жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Тинтүү учурунда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын партиялык материалдарынан тышкары бул партиянын мүчөлөрүнүн каржы булактарын көрсөткөн банктык карталары жана реквизиттери алынды. Мындан тышкары, тинтүүлөрдүн натыйжасында алардын кылмыштуу ниетин тастыктаган башка буюм далилдери да алынды.

Маалымат үчүн: Кармалган материалдарда төмөнкүдөй кайрылуулар болгон: Ансыз деле төңкөрүш керек. Революция болсо токтойт баардык иш. 2 жылдан бери айтып келе жатам. Бул бийлик сөздү түшүнбөйт. Муштумду түшүнөт. Буларды уруп же жок кылып токтотосуздар. Революция болот по любому. Бараарда революцияга башыңарды кылычка сайып барыңыздар. Барыңыздар кастет, дубинка, сухой паёк алып алыңыздар, дубинка алып ал. Милиция же кара кепкачанды көрсөң эле башка чап дароо ойлонбой. Дубинка, коктейл молотовго алып алгыла, керек болот. Баарын оптом өрттөп салгылачы күлүн асманга сапырып. Болду артка жол жок согушса согушабыз акмактар адыраңдаган сарт менен уйгур зектер.

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын З.У. жана Т.И. аттуу активдүү жактоочулары Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97-беренесинин негизинде УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Калган кармалгандарга карата тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Адахан Мадумаровдун тарапташтарынын, анын ичинде З.У. жана Т.И.нин аракеттери “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын борбордук штабы тарабынан координацияланып турган, тактап айтканда, “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын катчылыгынын кызматкерлери тарабынан Адахан Мадумаровдун жер-жерлерде тарапташтары менен туруктуу байланышта болуп, мобилдик тиркемелерде, мессенджерлерде жана социалдык тармактарда “тайпаларды” түзүү аркылуу тыкыс байланышта болуп, массалык баш аламандыкка даярдык көрүү менен байланышкан нааразылык акцияларын уюштурууда партиянын катардагы мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу үчүн деструктивдүү таасир берип турушкан.

УКМК органдары тарабынан коомдук-саясий туруктуулукту камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

  

Последние новости