www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Financial Times Суданда 2023-жылдын апрелинде жарандык согуштун алгачкы күндөрүндө ири көлөмдө алтын уурдалганын жазды.
Тергөө материалдарына ылайык, Хартумда Судандын Куралдуу күчтөрү менен Ыкчам колдоо күчтөрү (RSF) деп аталган аскерлештирилген түзүмдөрдүн ортосунда кагылышуулар башталганда, RSF согушкерлери мамлекеттик алтын иштетүүчү заводду басып алып, Борбордук банктын сактагычтарына киришкен.
FTнин маалыматына караганда, кеминде 1,5 тонна алтын куймасы уурдалган. Алтындын ошол кездеги баасы болжол менен 100 миллион долларды түзгөн. Мындан тышкары, коммерциялык банктардын сейфтик ячейкаларынан зер буюмдар жана башка баалуу буюмдар да алып чыгарылган.