www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги жеке максатта пайдаланылуучу рулу оң жагынан солго жылдырылган машиналарды каттоого мүмкүнчүлүк берүүчү токтом долбоорун коомдукталкууга чыгарды.
Министрлер кабинетинин “Чет өлкөлүк каттоочу номердик белгилери бар транспорт каражаттарын кошумча (акыркы) легалдаштырууну жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу 9-июлдагы долбоорунун максаты рулу сол жакка жылдырылган автоунааларды каттоо маселесин чечүү экени белгиленди. Муну менен рулу оң жактан сол тарапка жылдырылган машиналар легалдаштырууга жатпаган транспорт каражаттарынын тизмесинен чыгарылат.
Сунушталып жаткан токтом долбоорунун негиздемесинде айтылгандай, учурда өлкөдө мындай автоунаанын саны 50 чакты. Алардын ээлери унаасын каттоодон өткөрүү үчүн тийиштүү экспертизанын корутундусун алып келүүгө милдеттүү болот. Техникалык экспертизаны Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын «Техникалык көзөмөл борбору» жүргүзөт. Аталган мекемеден техникалык абалына оң баа берилген унаа каттоого жиберилет.