www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кезектеги сессияга чогулушту.Алар борбор калаада мектептерди ачуу маселесин талкуулоону өздөрүнүн милдети деп эсептешип, андан кийин жүйөлөрдү келтиришти.

Валентина Лисниченко ата-энелер аралыктан окутуудан тажап бүттү деп билдирди. Мындан тышкары, ал дал ушул себептен балдар арасында суицид көп катталууда деп эсептейт.

“Бул бизди тынчсыздандырбай койбойт”, – деди ал.

Депутат кышкы каникулду 14-декабрдан 17-январга чейин өткөрүп, андан кийин салттуу форматта окууну баштоону сунуштады.

“Бул ата-энелерге, балдарга жана мугалимдерге онлайн режиминде билим алууда, мектептерде салттуу билим берүү формасына кайтууга даярданууга мүмкүнчүлүк берет. Эгер мындай чечим кабыл алынса, анда окуу жылын ушул жумага, андан кийин майга узартууга болот”, – деди ал.

Буга мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев майрам күндөрү Билим берүү министрлиги чечим чыгарат деп жооп берди.

“Алар менен байланышсаңыз болот, мен министр менен республикалык штабда ушул маселени талкуулайм”,-деп убада берди.

Белгилей кетсек, мектептерди ачуу маселеси бир нече айдан бери ведомстволордун жана министрликтердин ар бир жыйынында талкууланып келген, бирок азырынча бул үчүн эч ким жоопкерчиликти ала элек.

Баарынын бир эле жообу бар: эгер эпидемиологиялык абал жакшырса, республикалык штаб муну чечиши керек.

Ошол эле учурда борбордо бир күн мурун кинотеатрлар, бут аянтчалар жана компьютердик клубдар ачылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости