www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында өз өмүрүнө кол салган жигитти дарыгерлер куткарып калышты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Билдирүүдө айтылгандай, аларга бүгүн эртең менен Сулайман-Тоодо белгисиз жаран колунун кан тамырын кесип салгандыгы тууралуу кабар келип түшкөн. Куткаруучулар жеткенге чейин медициналык тез жардам кызматынын дарыгерлери анын колун таңып, куткарып калышкан. Учурда абалы канааттандырарлык.
Укук тартибин коргоо органдары кабарлагандай, суицидге барган жаран 20 жаштагы жигит экени аныкталды. Алдын ала тергөө учурунда ал “ата-энеси жок, жашоодон тажагандан” улам ушундай жолго барганын айткан. Бул окуя боюнча учурда тергөө жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg