www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облустук прокуратурасынын прокурору Улукбек Өмүрзаков 5-ноябрда басма сөз жыйын уюштуруп, өз дарегине карата айтылган билдирүүлөрдү четке какты.
Ал «Өмүрзаковдор айрым кишилерге кысым көрсөтүп, акчалуу адамдардан үлүш алып жатат» деген сөздөрдү төгүндөдү.
Өмүрзаков жергиликтүү тургун Канназар Ыдырысов президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровго анын Оштогу эл менен жолугушуусу учурунда даттангандан кийин милицияга өзү кайрылганын айтты. Өзүнө жана бир туугандарына карата дооматтарды көмүр казган «Жол Чырак жана Ко» ишканасы боюнча талашка байланыштырды.
Аны бир жылга чукул кайтарган «Мухаммед-Умар» күзөт агенттиги мыйзамдуу иш жүргүзгөнүн билдирди.
Ошто 3-ноябрда Садыр Жапаровдун эл менен жолугушуусунда жергиликтүү тургун Канназар Ыдырысов аймакта таасирдүү үй-бүлө саналган Өмүрзаковдордун туура эмес аракеттери боюнча даттангандан кийин өзүнө кысым болуп жатканын билдирген.
Өмүрзаковдордун бири – Сүйүн Өмүрзаков Ички иштер министрлигинин (ИИМ) башчысынын орун басары, анын иниси Улукбек Өмүрзаков Ош облустук прокуратурасында иштейт.
Булак: NazarNews.kg