www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономика министри Санжар Муканбетов президент Жээнбековдун мугалимдердин айлыгын көтөрүү боюнча көрсөтмөсүн айласы жок аткарып жаткандай. Азыр Муканбетовдун муңканган ою кандай жол менен мугалимдердин айлыгын өөнөп, бутап калуу, ошондуктан ал айлыкты көтөрүмүш болгону менен 16 сааттык ставканы 20 саатка көтөрүп, салыкты өйдөлөткөнгө жанталашып жатат.
ЖКда “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясы каралып, добуш берүүгө жолдонду. Мыйзам долбоору боюнча КР Экономика министри Санжар Муканбетов баяндама жасады.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө эл аралык тажрыйбада өнүккөн өлкөлөр карыздар тараптын мүлкүн натыйжалуу башкаруу механизмин жакшыртууга максималдуу түрдө аракет кылуу менен банкроттук процессиндеги кредитордун ролун жогорулатуу аракетин көрүүдө. Коюлган милдеттерди чечүү үчүн аталган мыйзам долбоору менен төмөнкүдөй ченемдерди киргизүү каралууда:
1. Чарбакер субъекттерди банкротко алып келген натыйжасыз жетекчилерди администратор кылып дайындоого тыюу салуу;
2. “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” мыйзамдын айрым ченемдерин КР Граждандык процессуалдык кодексине шайкеш келтирүү;
3. Банкроттук жол-жобосун жүргүзүү учурунда карыз тараптын активдерин сатууда шарттарды бекитүүдө кредитордун катышуусун камсыз кылуу. Учурда бул ченем администратордун ишинде болгону менен мыйзамдык жактан бекитиле элек;
4. Карыз тарапты реструктуризациялоодо анын лицензиясын, соода маркасын жана автордук укугун кайра түзүлүүчү юридикалык жакка карыз тарапка берилгендей ошол эле шартта, ошол эле мөөнөткө өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү жана башка.
Талкууда депутат Бактыбек Турусбеков ишкананы жандандыруудагы экономикалык ыкма болуп саналган банкроттук абалда атайын администраторлордун ишин жакшыртууга багытталган мыйзам долбоорун колдоого алды. Ал эми мыйзам долбоорундагы ченемдер мамлекеттик жана менчик ишканаларга бирдей иштерин тактаган депутат Аалы Карашев акыркы мезгилдеги реструктуризацияланган ишканаларга кызыкты. Эл өкүлү банкроттук абалга келген ишканаларга жиберилген атайын администраторлорго ишкананы жандантырууга белгилүү бир мөөнөт коюлушу керек деген пикирде.
Аталган мыйзам долбооруна байланыштуу “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору дагы каралып, добуш берүүгө жиберилди.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg