www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттик аппараттын жалдаган хакерлери “чабал” экен. Алар “Апрель” маалыматтык сайтына бир эмес, беш жолу DDOS-чабуул жасалып, аны жөнөкөй эле техникалык адистер өз убагында “блоктоп” турганга жетишкен.
Мунун канчалык чын-бышыгын, мындай маалыматты таркаткан аталган сайттан барып суроо зарыл. Ал эми биз билген маалыматты айта турган болсок, мындан бир ай мурда эле сайтка хакердик чабуул болорун “Апрелчилерге” ишенимдүү өздүк булагы кабарлаган экен. Ал ишенимдүү булагы, баамыбызда, ошол эле президенттик аппаратта иштегендердин бири окшобойбу.
“Чабуулдун максаты - тексттерге өзгөртүүлөрдү киргизип, «Апрель» телеканалынын редакциясын «Улут аралык кагылышуу» жана «Бийликти күч менен басып алууга чакырык таштоого» айыптоо” – деп айтып берген экен алардын өздүк булагы.
Булак: "NazarNews.kg"