www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Нур-Султан шаарында Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат. Кыз-келиндер арасында 62 килограмм салмакта балбаныбыз Айсулуу Тыныбекова кечээ 4 ирет килемге чыгып, баарында жеңишти камсыздады.

Алгач, мексикалык Алехандра Ромеро Бонилланы, андан соң япониялык Юкако Каваини утуп алды. Ал эми чейрек финалда украиналык Юлия Ткачты жеңип, жарым финалга чыкты. Ал эми жарым финалда түштүк кореялык Йонг Сим Римди утуп, финалга чыккан. Эми балбаныбыз бүгүн финалда болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин менен биринчиликти талашмакчы. Айсулуунун финалдагы каршылашы ким? Тайбе Мустафа Юсеин тууралуу маалымат беребиз.

Учурдагы Дүйнө чемпиону Тайбе Юсеин 28 жашта. Ал 2010-2011-жылдары Европа чемпиондуктарында, 2012-2013-жылдары болсо Дүйнө чемпиондуктарында күмүш медаль утуп алган. 2014-жылы болсо ушул эле эң чоң беттештерде коло медалга ээ болгон.

2018, 2019-жылдары атаандаштарынын эч кимисине мүмкүнчүлүк бербей жеңип, Европа чемпиону аталган.

Бул чемпиондукта да ал атаандаштарын мөөнөтүнөн мурун жеңип келе жатат. Биздин Айсулуу да каршылаштарын утуп, быйыл айрыкча мыкты формада экендигин көрсөтүүдө. Чемпиондук үчүн беттеште балбаныбызга ийгилик каалайбыз!

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости