www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жин деген ааламдын бар экени чындык деген жин чыгаруучу Сулайман Кочкорбаев өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу төмөнкү ою менен бөлүшкөн. Кызыгы ал өзүн "жинолог", деп атап жазган. Төмөндө жинолог Кочкорбаевдин пикирин окурмандарга сунуштайбыз. 

"Кара магия" дегендер ошол кара жиндер менен зулумдуктун үстүндө шерик болуп иштеген адамдар. Кудайдан коркпогон бийликтегилерде, базардагы соодагерлерде, кумарпоздордун басымдуу бөлүгүндө ошол кара жиндердин кызматынан пайдалануучу тумарлары болот!

Коомчулукта болсо, аялдардын көпчүлүгү буюртма менен эрлерине ичирип-жегизип жинди жармаштырып, өздөрү каалагандай үй-бүлөө, бийлик жүргүзөм деп ойлойт. Бирок эр байкушка аябай оор болуп калат, себеби, оорукчан болуп калып, аягы кээде өлүм менен бүтөт! Жин оттон жаралган макулук болуп, биз аны көрө албайбыз. Алла-таалам бул параллель ааламды биздин көзүбүзгө көрүнбөс кылып жаратты.

Кээ бир адашкан караңгылыктагы көзү ачыктар жиндер менен сыйкыр илими аркылуу байланышып коомчулукка өтө чоң балээ алып келатат. Алардын кесепетинен канчалаган үй-бүлөөлөр бузулуп, миңдеген балдар ата-энесиз тирүүлөй жетимге айланып жатат. Ошол "кара дубанын" айынан ар түрдүү ооруларга чалдыгып дартына даба таба албай, жашоолорун бактысыздыкта өткөрүп, өз жанына кол салгандар да арбын. Коомчулук өтө оор абалда.

Мен рукиячы болгон үчүн ушунун баарын көзүм менен көрүп келатам. Келиңиздер туугандар! Абал ушунчалык төмөн деңгээлге жетип келген болсо, анда эмесе бийликтен бакшы, көзү ачыктарга бөгөт коюну талап кылалы!, -деп жазган Сулайман Кочкорбаев.

Жакынкы аралыкта Сулайман Кочорбаев менен болгон кызыктуу маекти окурмандарга сунуштайбыз.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости