www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

...ЖК жабык эшик артында чек ара маселесин талкуулап атабыз. Көп ойлор, ачуу сындар, сунуштар айтылды, айтылып атат. Кыргыз кыйынчылыкта ар дайым бир муштум болуп, бир-бирибизге көмөккө шашылабыз. Катаны кайра-кайра айтуу, сын тагуу, кыйынсынуу бул алсыздардын иши. Мен дайым айтып келем арсыз жана алсыз мырзалар гана аялга асылып күн өткөрөт деп. Чек ара маселесинде да акылдуулар көп болгону мына ушундан! ... Чек ара эки тарап чогуу отуруп, кеңешип, кесип, делимитация, демаркация ишин тез арада жандандыруу менен чечилүүчү иш!

... Ал эми ЖК ыйык трибунасында 5-6 жолу берилген суроомо бүгүн гана минюсттун жетекчилигинен жеткиликтүү жооп алдым. ... "2009-жылы 3-мартта КР президентине гана баш ийген, ички гана коопсуздук маселелерге баш оорута турган коопсуздук кеңештин катчысы эл аралык сүйлөшүүгө барып, өкмөттүн атынан сүйлөп, протоколго кол койгонго моралдык укугу бар беле? Бул протокол кандай юридикалык күчкө ээ" деп марттан бери бир нече жолу суроо салсам жер саткан жемкорлордун тарапташтары жер үчүн адамдар өлүп атканын билип туруп, жер саткычты баатыр кылып, бизди моокумдары канганча шыбашты. Ушу протоколду тажик тарап туу тутуп, кудайындай көрүп, "жер биздики" деп ураалашып, каалаган жерине үй курушуп, өзүм билемдиктин азабынан биздин элди кысмакка алып канча бейкүнөө адам каза болду, жаракат алышты. ... Минюст бул протоколду карады,бүгүн расмий жообун айтты, эч кандай эл аралык нормада юридикалык күчкө ээ эмес! Эми кыргыз комиссиясы бул документ жөн гана кагаз экенин иш жүзүндө далилдешсин, кашык кандары калгыча күрөшүшсүн, бирок 275 метр жерден бир да сантиметр жылдырышпасын!

... Экинчи маселе. "Тынчтыкты кааласаң согушка даярдан" демекчи кыргыз армиясынын чабалдыгы, жоокерлеринин ал-акыбалы айтылып келет, дагы айтылат. Адам эмес мышык ыйлаардай тонолгон, таналган мамлекетте кабагым кашым дебей кызмат өтөп, иштеп аткан жоокерлерибизге миң ирет таазим! Мамлекет күчтүү болуш үчүн мыкты армия зарыл. Ошондуктан ар бир кыргыз жигитин "эл бетине, жоо четине" даярдоону мектептен баштоо бүгүнкү күндүн бирден бир зарыл милдети. Азыр мылтык атканды мындай кой, чүкө атканды билбеген, жылуу үйдө отуруп алып баатыр болгон жигиттердин армиясы каптап келатат. Армияга альтернативдүү кызмат өтөө дегенди таптакыр жок кылуу керек жана абадай зарыл! Ар бир кыргыздын өзүн эркек сезген жигити армияга барсын! "Армияда толук кандуу кызмат өтөбөгөн бир да жигит мамлекеттик кызматка келбесин, ЖКга, рай, айыл, облус кеңештерине депутат болуп шайланбасын!" деген чечим чыгаруу мезгили бышып жетилди. Бизге мажирөө, коркок, ушакчы, чагымчы эмес, намыскөй мыкты жигиттер керек! ... Мектепте тээ илгеркидей башталгыч аскердик даярдык сабактары киргизилсин! (НВП). Мектепте балдар менен тең жарышып мылтык ажыратып кайра курап, автомат, пулемет, миномет ж.б. согуштук куралдардагы ар бир тетиктин аткаруучу милдеттерин окуп, кыздар алгачкы медициналык жардам деп ийне сайганды, бинт байлаганды үйрөнчүбүз. ... Армияга ар бир жигит кызмат өтөө сунушумду ПМ да жактады. Буюрса, альтернативдүү кызмат деп коркок жигиттердин акча төлөп качкан жоругунан уялбай калабыз! ...

Кыскасы, катуу айтсам кечиргиле бирок, бизге "терпила" жигиттердин кереги жок! ... Чек арада жайгашкан айылдарга өзгөчө макам берүү, бала бакча, мектеп, китепкана ж.б калкка керектүү имараттарды токтоосуз салуу, ал жерде иштеген кызматкерлердин айлыгын эки эсе көбөйтүү маселесин кайра-кайра айтып келгем, бүгүн бу маселелер да чечилээрин, караарын өкмөт башчы убада кылды!- деп жазып чыкты өзүнүн социалдык тармагына ЖК депутаты Жылдыз Мусабекова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости