www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Митингге чыккан жаштар Жогорку Кеңештин 120 депутатын кошуп кууса болмок экен. Бул туурасында Алтынбек Сулайманов жыйын учурунда айтты.
Белгилей кетсек, бүгүнкү жыйында "Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун күн тартибине коюу маселеси талаш жаратты. Мындан улам ал 5-октябрдагы элдик толкундоо депутаттарга сабак болбогонун айтып нааразы болду.
"Элдик толкундоого негиз болгон маселени карайлы десек, ар түрдүү жакка буруп жатасыздар. 120 депутат көп дейсиңер, беш жыл кошоматчылыктын коюн союп отурдуңар эле го. Ал эми референдум маселеси четте туруп турсун. Шайлоо мыйзамына үч өзгөрүүнү кабыл алып берели. Кечээги окуя бизге аз болуптур. Борбордук аянтка чыккан жаштар 120бызды кошуп кубалабаптыр. Биз дагы кетишибиз керек эле. Бүгүнкү күндө "мындай кылып койсок боло берет" деп 4-5 президенттин башын жеген Абил бийлер ("Сынган кылыч" романындагы каарман — ред.) жаман көбөйдү да. Мындан мурунку окуяларды эсиңерден чыгарбагыла", - деди Сулайманов.
Ошондой эле ал Конституцияны бузуу эң оор кылмыш экенин унутпоону эскертти.
Булак: NazarNews.kg