www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Прокуратура, Сот системасына карата элдин ишеними эңтөмөнкү баскычка түштү. Анткени аталган эки тармак мамлекет алдында аткаратурган адалиштерин арам бизнескс айлантып алган учурлары кездешпей койбойт.
Эсеби маселен, экс-депутат Нурлан Сулаймановго каршы козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу 30-мартта маалымат жыйынында Башкы прокуратуранын экономикалык кылмыштарды тергөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Абай Молдокматов билдирди.
Анын айтымында, кылмыш иши Сулаймановдун издөөдө жүргөндүгүнө айланыштуу токтотулду. «Эгер кармалса иши сотто каралат» - дсди Молдокматов.
Алсак, 201А-жылы 23-апрелде Башкы прокуратура мурунку транспорт жана байланыш министри Нурлан Сулаймановго Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык айыбы сыртынан угузулган. Маалыматтарга клраганда, ошол жылы Октябрь райондук соту тарабынан Нурлан Сулаймановду камакка алуу боюнча чечим чыгарылып, ал издөөгө алынган. Нурлан Сулайманов транспорт жана байланыш министри болуп турган убагында мамлекетке 41 миллион 220 мин сом зыян келтирген деп иш козголуп, издөөгө алынган.
Арийне, прокуратуранын бул кылыгы «изи сууганча, ысыгы тараганча» эле кылмыш иши козголду мамилесин жасагандыгын аныктап туру. Мындан улам Сулайманов чет жерде жатса да бул жактагы «уку-рукчулардын» тамагын майлап жатабы деген ой жаралат, деп жазат Де-факто гезити.
Булак: Де-факто