www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз маданияты чоң жоготууга учурады. Кадимки Аселдин Ильясы КР Эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов 69 жашында дүйнө салды.
Залкар талант 1949-жылы Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында төрөлгөн. 1967-1972-ж.ж. Москвадагы А.В.Луначарский атындагы мамлекеттик театр искусствосу институтун аяктаган.
Билим алып келип, өзү теңдүү курсташтары менен 1972-1989-ж.ж. С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрын түптөп, үзүрлүү эмгектенген. 1977-ж. Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланган. 1991-жылдан бери азыркы Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенип келген. 1994-ж. «Сахнанын алдыңкы устаты» катары сынактан өткөн.
1995-жылы «Манао медалын алган. 1978-жылы Кыргыз ССРинин «Эмгек сиңирген артисти» наамын алган. 1988-жылы «Кыргыз CCPинин Эл артисти» ардак наамын алган 1993-жылы М.Рыскулов атындагы эл аралык сыйлыктын ээси болгон. 1999-жылы Ч.Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын ээси аталган.
2002-жылы «Ормон хан» төш белгиси менен сыйланган. 2007-жылы «Руханият» эл аралык сыйлыгынын ээси болгон. Ал театрда гана эмес, кинодо да өзгөчө ролдору менен белгилүү болгон. Актерду өзүнүн атынан атабай, 1972-жылы тартылган Ч.Айтматовдун калемине таандык «Мен Тянь-Шань» тасмасындагы Ильястын атынан аташчу. Актерго даңк алып келген Ильястын образын залкар талант болгону 23 жашында жараткан. Мына ошондон тартып кыргыз маданиятына эбегейсиз зор салымын кошуп келген. Кыргыз маданияты мындай зор талантынан ажырап мүңкүрөп турган чагы. Актер 2018-жылдын 7-июлунда таңкы саат 9-оодө кайтыш болуп, 9-июль күнү акыркы сапарга узатылды. Акыркы сапарга узатууга кыргыздын камчыга сап уулдары, элге төбөсү көрүнгөн инсандар, жалпы кесиптештери жана жакындары чогулушуп мындай деп эскеришти…
— Жалпы кыргыз журтчулугуна Кыргыз Өкмөтүнүн атынан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Өтө оор жоготуу болду. азыр 69 деген жаш эмне деген жаш? агабыздын кыргыз искусствосуна бере турган нерсеси көп болчу. Кандай айтсак жарашат. Мен эки эле нерсесин айтайын. Жаз алды менен учурашып коелу деп Өкмөттөн бир аз жардам алып үйүнө барып сүйлөшүп отурдук. Ушунчалык чери жазылды. Ошондо оорусу тууралуу бир да сөз айтпайт. “Ушунча болду театрды оңдогулачы, театрды ремонт кылып бергилечи, жаштарды тарткылачы” — деп жалаң театр жөнүндө сүйлөп жатат да. Башка болсо арманын айтып биягым ооруйт, тиягым ооруйт демек. Ошондо бул киши искусство менен жашаарын билдим. Басса-турса, ооруса да театр, кино деп жашаарына бекем ынандым. Экинчиден Ильяз деген образ буд башкаларды билбейм, биздин муундун жүрөгүндө калып калды. Ошол жылдары кыргыздын кереметинин, кыргыз киносундагы чоң бир өзгөрүүлөрдүн бурулуштун мезгили болгон. Дал ушул бурулуштун башында турган киши болгон. Ал образдан мурда өзүнүн эле кайталангыс образы бар эле. Башкы каарманды ойнойбу же экинчи даражадагы каарманды ойнойбу шак эле бу кишинин өңү баарыбызга жат болуп калат эле. Ушунчалык жупуну, кыргыздын жылдыздуу жигитинин образы баарыбыздын жүрөгүбүздө калып калды. Баары бир бул кишинин театрда, кыргыз искусствосунда кайталангыс орду бар. Дүйшөке жөнүндө айта берсек көп сөз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
Булак: “Фабула”