www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов кезектеги жылдык коллегияда “Элди театрга тартуу үчүн заманбап менеджмент керек. Театрлар эл качан келет деп күтпөшү керек. Тетирисинче театр өзү элге барыш керек. Көрүүчүлөрдү тарта турган ыкмалар толтура. Эл чогулган жерлерде жарнамалык акцияларды өткөрсө болот. Азыр адамдар өзүн сахнадан көргүсү келет, ал үчүн жаңы образдар керек”,- деди Султан Жумагулов.

Мындан сырткары  министр Султан Жумагулов төмөнкүлөрдү айтып өттү.

“Маданият системасында заман талабына ылайык өзгөртүүлөр болот. Өзүн актабаган, бири-бирин кайталаган кызматтар жоюлат. Мисалы, райондук гезиттер интернет форматка өткөрүлөт. Бухгалтердик отчеттер да интернетке которулат”, - деди Султан Жумагулов.

Эскертсек, гезиттерди кагаз турүнөн электрондук форматка өткөрүү аракеттери башталды. Учурда Өкмөттө атайын укуктук-ченемщдик актылар даярдалып жатат деп билдирет Маданият, маалымат жана туризм министринин маалымат кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости