www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бийликке келгендер элге берген убадаларын унутуп, акча берген адамдын талаптарын аткарат”, - деди NazarNews маалымат агенттигине мамлекеттик ишмер, Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитов.

--“Кыргызстанда каражатты кайдан тапканың маанилүү эмес. Ал эми шайлоо эч нерсени чечпей турганын түшүнгөн эл аз да болсо акча алат. Мындан улам талапкердин программасын да укпайт. Бардык шайлоолорду миңге жакын киши каржылап келе жатат. Муну билген талапкерлер акчалууларды издейт. Ал эми каражаттын баары миңге жакын кишиде топтолгон. Баары эле ошолорго барат. Мындан улам эки революция болсо да, эч нерсе өзгөргөн жок. Анткени акча бергендер: “Ушул кызматтарды бересиң” - деген шартын да коёт. Талапкер бийликке келгенде элге берген убадаларын унутуп коёт да, акча берген адамдын талаптарын аткарат. Бир чети шайлоодо добуш берүү үчүн акча алган адам талапкер бийликке келгенде, андан эч нерсе талап кыла албайт. Себеби добушун саткан, эсептешип бүткөн”, - дейт Айжигитов.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости