www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун Кадамжай районундагы, кыргыз-өзбек чек арасындагы Чечме булагы боюнча аягына чейин бир чечим кабыл алынган жок. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 30-мартта Ош облусунун Өзгөн районунун эли менен жолугушууда билдирди.

«Кадамжай районунун Бирлик айылында Чечме деген булак бар. Билесиздер, былтыр ошол жерде чоң жаңжал чыгып, эки эл кагылышып кеткен. Ошол боюнча аягына чейин чечим кабыл алынган жок. Бүгүн барып көрүп келдим, Чечме булак эки сотых жер экен. Бирок ата-бабаларыбыздан калган, жогору жагында алардын мүрзөлөрү бар экен. Ачык айтканда, биз макулдашууга келе алган жокпуз. Эки сотых жер, тегерегин кошкондо 1 гектардай болуш керек. Бирок 1 гектардай жерди, эки сотых булакты макулдашпай калдык деп, башка жерди таштап коё алган жокпуз. Башка жакты бүтүрүп коё берели. Кудай буйруса, ал жак да бүтөт. Кудайдын айткан күнү бүтөөр акыры. Ошого аны ошол бойдон калтырдык. Башка точкалардын баары бүттү», – деди Ташиев.

Белгилей кетсек, былтыр 31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын жашоочуларынын ортосунда булак талаштын айынан жаңжал чыккан. Эки тараптан ондогон кишилер жабыркаганы кабарланган.

Эске салсак, Кыргызстандын өкмөттүк делегациясы өткөн аптада Өзбекстанда үч күндүк сапар менен болуп, чек ара боюнча эки тараптуу жыйындарга катышкан. Сапардан кийин, 26-мартта Ташиев маалымат жыйын куруп, кыргыз-өзбек чек арасы 100% чечилгенин жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости