www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 31-мартта Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт.

Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашкандай, бүгүн салык органдары салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл алышат.

Белгилей кетсек, салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:

- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер,

- жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр,

- менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлктүн, жер участоктун (короо-жай участкаларынан башка) ээлери,

- юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын тапшырууга жетишпеген жеке жактар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин – 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларацияны берүүгө милдеттүү.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости