www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Текебаевдин ордуна келген депутат ант берет

31-мартта Жогорку Кеңеште Шералы Абдылдаев ант берет. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Ал Өмүрбек Текебаевдин ордуна депутат болот. Шералы Абдылдаев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп иштеген. Акын Темирлан Ормуков БШКнын Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берүү чечимин жокко чыгаруу үчүн административдик сотко кайрылган.

2020-жылдын 23-ноябрында административдик сот Текебаевдин мандатын кайтарып берүү боюнча БШКнын токтомун жокко чыгарган. Бишкек шаардык соту административдик соттун чечимин күчүндө калтырган. Жогорку Сот дагы биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости