www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан «Pfizer» вакцинасынан эмне үчүн баш тартты?

Кыргызстан муздаткычтар чынжырчасы жоктугунан улам «Pfizer» вакцинасынан баш тартты. Бул тууралуу №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргызстанга «Pfizer» вакцинасын сунуштаган. Бирок вакциналар -70… -90 градуста сакталууга тийиш, болбосо сапаты начарлап, касиетин жоготот. Кыргызстанда муздаткычтар чынжырчасы жок болгондуктан, «Pfizerден» баш тартты.

Ал эми Кытайдан келген «SinoPfarm» вакцинасы -2… -8 градуста сакталат. Ал үчүн өлкөдө шарт бар.

ДССУ уруксат берген вакциналар гана колдонулат. Ага чейин бир топ текшерүүдөн өтөт.

«Вакцина бекер келди, эмдей берели» деген нерсе жок. Вакцина келгенге чейин документтер менен таанышып, отчетторун байкап чыгабыз. Анын негизинде чечим кабыл алынат», — дейт Искакова.

Ал Орусиянын Sputnik V вакцинасын сатып алуу пландары бар экенин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости