www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык нормаларга таянып Кыргызстандагы анклавдарда кармалып турган аскердик оор техниканы чыгарыш керек. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов билдирди.

"Эл аралык тажрыйба боюнча, анклавдардын оор техника кармаганга укугу жок. Анклавга кирген ок атуучу куралдар биздин мамлекетте каттоого алынышы керек. Ушул боюнча тышкы иштер министри менен УКМКга протоколдук тапшырма берсек. Изилдеп чыгып, чечкиндүү бир чара көрүшү керек", — деди Айжигитов.

Мындан сырткары, эл өкүлү Баткен районундагы Кык жайлоосунда беш-алты үйдөн турган Булак-Башы деген айылдагы жагдай тууралуу маселе көтөрдү.

Депутаттын айтымында, тажик тарап ал жер конуш болбосун, эл көчүп келбесин деп атайын беш-алты жылда үйлөрдү өрттөп салууда. Айжигитов мындай жагдай тажиктердин Кык жайлоосуна ачыктан ачык эле көз артып жатканынын белгиси деп эсептейт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости