www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камбар-Ата-1 ГЭСинен бюджетке жылына 234 млн доллар түшөт

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, Жалал-Абад облусундагы Камбар-Ата ГЭС-1 курулушунун башталышына старт берди.

Жапаровдун айтымында, Камбар-Ата-1 ГЭСинде жай мезгилинде иштелип чыккан энергияны CASA-1000 долбоору аркылуу алыскы өлкөлөргө экспорттого шарт түзүлөт.

"Камбар-Ата-1 ГЭСинде жылына 5,6 млрд кВт/саат электр энергияны өндүрүү күтүлүүдө. Өндүрүлгөн электр энергиясынын ар бир кВт/саатын CASA-1000 долбоору аркылуу 5,15 АКШ центине мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. Бул Кыргызстандын экономикасына чоң салым алып келет жана өлкө бюджетине жылына 234 млн доллар түшөт. Биз үчүн финансылык пайда болсо, экологиялык маселени эске алганда дүйнөлүк коомчулук үчүн дагы өтө маанилүү", - дейт президент.

"Камбар-Ата ГЭС-1 куруу" долбоору Камбар-Ата ГЭС каскадынын курамындагы эң ири энергетикалык объект болуп саналат. Ал өзүнө бийиктиги 256 метр аска таш менен төшөлгөн, сыйымдуулугу 5,4 миллиард метр куб суу сактагычы бар ГЭСти курууну камтыйт.

Курулуштун мөөнөтү 8 жылдан 10 жылга чейин деп белгиленүүдө. ГЭСтин биринчи гидроагрегатын ишке киргизүү туруктуу каржылоо болгон шартта төрт жылда ишке ашмакчы.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости