www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Бишкектин борбордук көчөлөрү жабык болот

Футболдук беттештен улам бүгүн, 8-июнда Бишкекте борбордук көчөлөр жабыла турганын Кайгуул милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия кубогу үчүн тандоо турунун эки оюну өтмөкчү. Анын алкагында Кыргызстан менен Сингапурдун беттеши да камтылган.

Жабылчу көчөлөр:

Тоголок Молдо көчөсү — Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейин;

Фрунзе көчөсү — Исановдон Панфилов көчөсүнө чейин.

Кыймылга саат 16:00дөн 23:00гө чейин чектөө киргизилмекчи.

Милиция айдоочуларга жүрө турган көчөлөрдү алдын ала пландаштырып алууну эскертет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости