www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

24-апрелдин кечинде «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина, Роза Түрксевер күнөөлүү деп табылып, үч жылдык пробация менен абактан бошотулду. Мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы чыгарды.

Абактан чыккандардын жакындарынын айтымында, бейшемби күнкү соттук жараянда ишти караган судья күбөлөрдү сурабастан эле чечимди жарыялаган.

Сотто Темирлан Султанбеков мындай чечимге макул эместигин билдирген. Жакындары соттун чечими күтүүсүз болгонун айтууда.

“Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевер 2024-жылы ноябрь айында Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренесине шек саналып кармалган.

Последние новости