www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Деги эмне эле болуп жатат өзү? Көчкүсү бир жагынан кыйнаса, бир жагынан суу ташкындары азапты берип айлабызды алты кетирип жатканда эми жер чөгүп кетти. Атап айтканда, кечээ 12-майда, Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын Шахтерская көчөсүндө жер жарылып, кыртышы төмөн карай чөгүп кетиптир. Туурасы 3 метр келген чуңкурдун тереңдиги 7 метрге жетерин ӨКМ кабарлады.

Чаламандын чак түшүндө болгон табият кубулушунан зыян тарткандар жок. Куткаруучулар пайда болгон чуңкурдун тегерегин тосуп, жарандарды коргоо боюнча шаардык комиссиянын чечими менен жолдор убактылуу тосулган. Учурда райондук  экотехинспекция түшүп кеткен жерди  изилдеп жатат.

Булак: "egemen.kg"

Последние новости