www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусундагы Сүлүктү шаарынын тургуну карындашын өлтүрүлгөндүгү үчүн 12 жылга эркинен ажыратылып, ири өлчөмдөгү айыпка жыгылды. Мындай чечимдм Сүлүктү шаардык соту өткөн аптада, 20-апрелде кабыл алган. Бул тууралуу ЖМКлар жызып чыкты.

Соттолуучу Равшандын (аты өзгөртүлдү Х.Р.) орто билими бар, ажырашкан, бир баланын атасы, эч жерде иштебейт. Ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси 2-б. 3.9 п.п. (Күнөөкөр үчүн алсыз абалда экендиги белгилүү болгон адамды, өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү) берене боюнча айып тагылган.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, Равшан чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү менен пикир келишпестикте болгон. Бир күнү ал психикалык жактан жабыркаган карындашын өлтүрүүнү чечет. Ал 2006-жылдан бери Жалпы дарыгердик практика борбору майып адам катары каттоодон өтүп, 2-топтогу майып болгон.

Равшан үйдө эч ким жок экендигинен пайдаланып, колуна канцелярдык бычак алып, карындашынын кекиртегин кесип салат. Соттук-медициналык экспертизанын маалыматы боюнча, кыз көп кан жоготуудан көз жумган.

Сот отурумунда Равшан күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алган, бирок далил келтирүүдөн баш тарткан.

Соттолуучунун жана өлтүрүлгөн кыздын апасы дагы көрсөтмө берген. Анын айтымында, каргашалуу окуя болгон күнү алар үйүндө болушкан. Ал кызына чай коюп коюуну айтып, эшикке чыгып кеткен. Дааратканадан келгенден кийин Равшанды көргөн, ал: “Апа, кел кызыңды карачы…” деп айткан. Ал времянкага чуркап барып канжалап жаткан кызын көргөн.

Апасынын айтымы боюнча, каза болгон майып кызы дайыма дары-дармектер ичип турган жана коом үчүн коркунучтуу эмес болчу. Кээде дары ичпей калганда, ал өзүн агрессивдүү алып жүрчү.

Ал эми баласы аялы менен ажырашып кеткен. Андан кийин апасы уулунун таң калыштуу жүрүм-турумун байкаган. Мисалы, ал караңгы бөлмөгө бекинип алып, компьютерден оюн ойногон учурлар болгон.  Ага чейин аял кызы менен уулунун ортосундагы чыр-чатактарды байкаган эмес.

Ошентип, Сүлүктү шаардык соту карындашын кекиртегин кесип өлтүргөн жигитти 12 жылга эркинен ажыратып, 110 миң сом айып салды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости