www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) мурдагы президенти Сума Чакрабарти Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин экономикалык өнүгүү, эффективдүү башкаруу жана эл аралык кызматташтык маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалат.

Бул тууралуу Сума Чакрабарти “Твиттердеги” баракчасына жазды.

 

«Реформалар программасын иш жүзүнө ашырууга жардамдашууну чыдамсыздык менен күтүп жатам», – деген ал.

Чакрабарти мындан тышкары Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге экономикалык өнүгүү жана эффективдүү башкаруу маселелери боюнча кеңешчи болуп дайындалганын да кабарлады.

Белгилей кетсек, Сума Чакрабарти ЕРӨБдү 2012-жылдан 2020-жылга чейин жетектеген. Ага чейин (2002-2007-жылдары) Улуу Британиянын Юстиция министрлигинде жана Эл аралык өнүгүү департаментинде иштеген.

Эске салсак, быйыл июль айында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ЕРӨБ менен Өзбекстан ортосундагы стартегиялык өнөктөштүктү жолго коюудагы жана көп пландуу кызматташтыкты кеңейтүүдөгү салымы үчүн Суму Чакрабартини «Дустлик» ордени менен сыйлаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости