www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чуркап ойноп жүргөн жеринен сүмөлөк кайнап жаткан чоң казанга түшүп калган төрт жаштагы баланы атасы алып чыгып, оор абалда ооруканага жеткиришкен эле.
Кырсык Тажикстандын түндүгүндөгү Истаравшан районунда болгон. 21-март Нооруз майрамынын урматына чоң казанга сүмөлөк жасалып жаткан жерде ойноп жүргөн төрт жаштагы Рустамбек Кодиров аттуу бала капыстан кайнап жаткан казанга түшүп кеткен.
Аны дароо казандан чыгарышып, ооруканага жеткиришкен. Денесинин 75 пайызы күйгөн бала жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, эсине келбеген бойдон 27-мартта үзүлгөнүн бүгүн News.tj жазып чыкты. Дем алуу органдары да күйүктөн катуу жабыркагандыктан дарыгерлер баланы сактап кала алган эмес.
Баланы казандан чыгарууда атасы да жабыркаган.
Булак: http://www.kabar24.kg