www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вице-премьерлик кызматты президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров сунуштады. Бул туурасында ЖК тарабынан аталган кызматка бекитилген Эльвира Сурабалдиева журналисттерге билдирди.

Ошондой эле ал бийликке жаштар келсин деген талап менен элдик толкундоо болгонун эске алып сунушту четке какпаганын белгиледи.

"Бюджеттин тартыштыгы расмий түрдө 35 миллиард сомго жетти, пандемия күчөп жатат, менин ниетим баягыдай эле түз. Өкмөткө барсам деле мүнөзүм өзгөрбөйт, 42 жашка чыктым, жумшарып калбайт. Мүнөзү өзгөрөт деген сөздүн мага тиешеси жок. Ушундай оор кырдаалда мамлекетти таштап жүз буруп кетүүнү туура көрбөйм. Эми сын-пикир айтпастан барып иштөө мүмкүнчүлүгү берилип жатат, барып иштеп далилдейм. Жеке амбицияларды четте калтырып, мамлекет үчүн иштеп берүү максатында сунушту кабыл алдым", — деди Сурабалдиева.

Белгилей кетсек, бүгүн ЖК депутаттары мурдагы кесиптеши Сурабалдиваны вице-премьерлик кызматка жактырды.

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости