www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева айрым аймактарда «дем салуу» шылтоосу менен аялдарга жана жашы жете элек кыздарга карата орунсуз мамиле жасалып, ыдык көрсөтүү учурлары катталып жатканын билдирди.
Анын айтымында, мындай окуяларга байланыштуу жарандардан кайрылуулар түшүп, айрым айылдарда олуттуу чыр-чатактар да орун алган.
Депутат кээ бир аялдар менен жаш кыздар «дем салууга» жалгыз барганда кооптуу жагдайларга туш болуп жатканын белгиледи.
«Мени жогорку трибунадан кайрылып, кыздарды “дем салууга” жалгыз жибербөөнү айтууну өтүнүштү.
Бул чакырыкты айыл өкмөттөрүнө жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарына дагы жолдойм. Ырым-жырым өткөрөбүз деген шылтоо менен жагымсыз окуялар катталган», — деди Сурабалдиева.
Ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн көзөмөлдү күчөтүп, калк арасында мүмкүн болгон коркунучтар тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды.