www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин тапшырмасынын негизинде министрдин биринчи орун басары Акылбек Мазарипов селден жабыркаган аймактарды жеринен көрүп чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
ӨКМдин маалыматына ылайык, Акылбек Мазарипов Жалал-Абад облусундагы сел жүргөн аймактарды кыдырып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тиешелүү кызматтар менен биргеликте өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды талкуулады.
Иш сапардын алкагында Манас шаарында, ошондой эле Базар-Коргон району, Аксы району жана Ала-Бука районунда катуу жазгы жаан-чачындан улам пайда болгон селдин кесепеттери текшерилип, мониторинг жүргүзүлдү.
ӨКМ сел коркунучун азайтуу боюнча алдын алуу иш-чаралары мындан ары да улантыларын билдирди.
Кооптуу деп эсептелген тилкелер министрликтин туруктуу көзөмөлүндө болот.
Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан кырдаалды тактоо, мониторинг жүргүзүү жана калктын коопсуздугун камсыздоо иштери уланууда.