www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева тийиштүү мамлекеттик органдарга Чүй облусунун Байтик айылынын мектебиндеги 23 окуучунун уулануу себебин иликтеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
«Мектептеги балдардын тамак-аштан массалык түрдө ууланышына жол берилбеши керек. Бул факт тыкыр иликтенип чыгуусу зарыл.
Пандемия жана эпидемиологиялык абалдын кыйын учурунда өзгөчө көңүлдү ден-соолукту коргоого, иммунитетти чыңдоого, анын ичинде балдардын тамактануусун жакшыртууга буруу керек», – деди Эльвира Сурабалдиева.
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев учурда жабыркаган балдар дарыланып жаткан Шаардык балдар клиникалык ооруканасында алардын ал-абалынан кабар алып жүрөт.
Булак: NazarNews.kg