www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин чиновниги өлкөдө оору күчүп жаткан учурда бир ай бою коронавирусту дарылоо боюнча 3-протколду катып жүргөн. Бул тууралуу вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева айрым маалымат булактарына билдирген. 

Анын айтымында, 2020-жылдын 15-майында антикоагулянттардын тизмеси менен коронавирусту дарылоо боюнча 3-протокол иштелип чыккан. Бирок 18-июнга чейин бул протокол бир аткаминердин кабинеттинде катылып жаткан.

“Дары-дармектердин тизмеси фармацевтикалык компанияларга 1-июлда берилген, андан соң гана алар дары-дармектерге буюртма беришкен”, - деди ал.

Сурабалдиева аткаминерлердин атын атаган жок, бирок булар Саламаттык сактоо министрлигинин аппаратында иштеген адамдар экендигин тактады.

Вице-премьер билдиргендей, бул иш Коопсуздук кеңешинин жыйынында каралып, тиешелүү тапшырмалар берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости