www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин 5-ноябрдагы жыйынында вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева өлкөдө эпидемиологиялык абал боюнча маалымат берип жатып, пандемия учурундагы сырттан келген каражаттар боюнча мурунку өкмөт мүчөлөрү отчёт бербей кеткенин билдирди.
«Насыялар боюнча орчундуу маселе, муну парламент өзүнчө караса болмок. Ал эми убагында алынган насыялар боюнча буга чейинки өкмөттүн, буга чейинки бийликтин тушунда бир топ суроолор жаралган. Ошолор боюнча азыр өкмөттө атайын комиссия түзүп, карайлы деп жатабыз. Канча каражат келгени боюнча бир да өкүлчүлүгү отчёт бербей кеткен. 700 млн. доллар кайда кеткенин эл азыркыга чейин билбейт. Бул боюнча мекеме аралык комиссия түзүлүп жатат. Пандемияда жарандардан чогулган акча да кайда кеткенин иликтеш керек деп ойлойм», - деди Сурабалдиева.
Эске салсак, 9-сентябрда ошол кездеги вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Кыргызстан эл аралык донорлордон 338 млн. доллар алганын билдирген. Асрандиев анын басымдуу бөлүгү насыя экенин, алынган каражаттын ичинен 207 млн. доллары сарпталганын айткан. Калган 131 млн. доллар Улуттук банктын эсебинде турат.
Булак: NazarNews.kg