www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жалпы иш» коомдук фонду шайлоого карата сурамжылоо жүргүзүп, ага катышкандардын 75 проценти шайлоо күнү добуш бергени бара турганын аныктады. Бул тууралуу фонд 17-сентябрда өткөргөн маалымат жыйында билдирди.

Маалыматка ылайык, сурамжылоого катышкандардын 60 проценти коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал кандай болбосун, баары бир шайлоого барарын билдиришкен. Мындан тышкары суроолорго жооп бергендердин 55 проценти өзүн шайлоочулардын тизмесинен текшерсе болору тууралуу кабары жок экенин айтышкан. Ал эми 65 проценти добуш сатып алууну эң кооптуу жагдай деп мүнөздөшкөн.

Белгилей кетсек, бул иш-чара элдин шайлоого жана ага катышып жаткан саясий партияларга карата ой-пикирин, көйгөйлөрүн билүү максатында уюштурулган.

Коомдук фонддун 21-августтан 4-сентябрга чейин өткөргөн сурамжылоосуна 18 жаштан улуу курактагы 1202 респондент телефон аркылуу катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости