www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сурамжылоо: Президенттик шайлоодо ким утат?

Москва шаарында жайгашкан Саясий социология илим изилдөө институту кыргызстандыктардын шайлоо артыкчылыктары боюнча изилдөө жүргүзгөн.

Өлкөнүн бардык аймактарында жана Бишкек менен Ош шаарларында 18-25-ноябрь күндөрү жүргүзүлгөн сурамжылоого жашы 18ден жогору 7088 адам катышкан.

«Эгер Кыргызстандын президентин шайлоо кийинки жекшемби күнү өткөрүлсө, сиз шайлоого бармак белеңиз?» — деген суроого жарандардын 84,5%ы «ооба» деп жооп берген. 10,6%ы шайлоого барууга даяр эместигин айтса, дагы 4,9%ы жооп берүүдө кыйналган.

Добуш берүүгө барам дегендердин ичинен Ысык-Көл, Баткен жана Нарын облустары алдыда. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда шайлоочулардын добуш берүүсү аз болору күтүлүүдө.

Сурамжылоого ылайык, биринчи орунду өкмөт башчылык кызматты убактылуу тапшырган, президенттикке талапкер Садыр Жапаров алган, тактап айтканда, респонденттердин 59,11% Жапаровго добуш берерин айтышкан.

Экинчи орунда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров (3,23%);

Андан кийин парламенттин экс-спикери Канатбек Исаев (0,86%) турат.

Ошондой эле алдыңкы бештикке мурдагы депутат Бактыбек Калмаматов (0,28%) жана Арстанбек Алай (Абдылдаев) (0,26%) кирген.

Мурунку депутат Равшан Жээнбеков 0,22% добушка ээ болушу мүмкүн.

Калган талапкерлердин баары жалпысынан жарандардын 5%дан төмөн колдоосуна ээ болору күтүлүүдө.

Суражылоого катышкандардын 21,57%ы кимди тандай турганын азырынча чече электигин айтышкан. Ал эми 9,49%ы бардык талапкерлерге каршы добуш берерин айтышкан.

Сурамжылоо телефондон маектешүү ыкмасы аркылуу жүргүзүлгөн. Ага бир үйдөн бир гана адам катышкан.

Респонденттердин ичинен эркектер – 53%, аялдар – 47%ды түзгөн. Калктын жашаган аймагынын түрлөрү боюнча шаар тургундарынын үлүшү 44,4%ды түздү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости