www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Мэриленд штатынын афроамерикалык үч тургунун 1983-жылы 14 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнө шектелип кармалышып, өмүр бою эркинен ажыратылышкан. Алар 36 жыл абакта олтуруп, акталып чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жарыялады. 

Маалыматка караганда, Дьюит Дакетт аттуу окуучу мектепке бараткан жолдо атылып өлтүрүлгөн. Кылмышка 16 жаштагы үч окуучу Альфред Честнат, Эндрю Стюарт жана Рэнсом Уоткинсон лин Мосби шектелип, 1984—жылы өмүр бою эркинен ажыратылган. Аталган окуя коомчулукта чоң талкуу жараткан.

2019-жылы Альфред Честнат тапкан жаңы далилдин негизинде ишти кайра карап чыгышкан.   Анда укук коргоо органдары жашы жете элек күбөлөргө басым кылып, туура эмес маалымат бердиришкени маалым болгон.   Убагында тергөөчүлөр бир нече күбөлөр башка бирөөнүн атын аташса да аларга  көңүл бөлүшкөн эмес.  

“Полиция жана прокуратуранын шалаакылыгынан  улам   16 жаштагы үч афроамерикалык баланы камакка алышкан. Убагында үч окуучуга каршы көрсөтмө бергендер кийин сөзүнөн кайтып кетишкен. “Мен бүгүн болгон окуяны жеңиш деп айта албайм. Бул трагедия. Биз бул окуя үчүн жоопкерчиликти алышыбыз керек”, - деп айыпталуучулардын жактоочусу билдирди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости