www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Казакстандагы элчиси Синьцзяндагы этникалык казак, уйгур, татарларды куугунтуктап, аларды күч менен “саясий кайра тарбиялоо” лагерлерине жөнөтүп жатканын бурмаланган жалган маалыматтар жана калп экенин билдирди. Бул тууралуу элчинин кайсы бир банкетте журналисттин берген суроосуна жооп берип жатып айтты.

-Урматтуу элчи мырза, ушул учурда Нур-Султанда бир нече казак улутундагы тургундар алардын Кытайдагы туугандары Синьцзяндагы жабык лагерлердеги кыйноолорго кантип чыдап жашап жатышкандыктары туралуу персс-конференция берип жатышат. Мунун канчалык чындыгы бар?

-Мындай маалыматтар каяктан тарап жатат? Түшүнөсүңөрбү, мунун баары калп, бурмалаган маалыматтар! Мындан соң элчи ал журналисттен басып кетет, бирок артынан жетип барган журналист кайра берейин деген суроосун укпай,

-“Силер кайдагы эл аралык басылмасыңар? Американын маалымат каражатысыңар. Бул жерде Американын элчиси жок, ошондуктан АКШнын департаментине кайрылгыла! Силер АКШнын мамдепартаментине иштейсиңерби? Иштейсиңер, демек ошол жакка баргыла”, - деп имараттан чыгып кетти. Бирок, кийинчерээк ошол эле элчи расмий түрдө Синьцзяндагы болуп жаткан окуяларды экстремизм жана терроризм менен күрөш катары сыпаттады.

Эскерте кетсек, Батыш өлкөлөрү Пекинди Синьцзяндагы саясаты үчүн бир канча мезгилден бери кескин сынга алып келишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости