www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жумада чыккан «Азаттыктын» өлкөдөн чыгарылган миллиондогон каражаттар тууралуу иликтөөсү коомчулукта түрдүү пикир жаратты. Бул боюнча уу-дуу кептин аягы басыла элек. Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев жогорудагы иликтөө боюнча «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүнө катышып, калыс сөзүн айтыптыр. Аны өзгөртпөстөн сиздерге сунуштоону эп көрдүк…

—«Капа болбогула журналисттер, (ред. «Азаттыктын» журналисттерине кайрылып атат) силер өз кезегинде тишиңерди коммунисттерге курчуткансыңар. «Азаттык», «Демократия» – деген ураан менен коммунисттерди жамандап, демократияны алып келгенге чоң салым кошконсуңар. Азыр жыргап жашап атабыз да, силер да жыргап атасыңар. Бирок, силер көз каранды болуп калгансыңар. Анткени мурдагы президент силер менен жакшынакай достук мамилени түзгөн. Ага көз каранды болгондой мамилеңер бүгүнкү күнгө чейин сакталып турат, бул көрүнуп эле турат. Алмазбек Атамбаев болобу же Раим Матраимов болобу эч кимдин аттарын атабастан, мындай-тигиндей маселе бар десеңер, калыстык сактаган болмоксуңар силер. Мен иликтөөгө 90% кошулам. Бирок, тактаган нерсенин жыйынтыгы башка болуп атат да. Өзбекстандан келген акча деп өзүңөр айтып атасыңар. Ошол эле учурда 700 млн. АКШ доллары Кыргызстандан чыкты деп атасыңар. Ал биздин акча эмес да! Биздин акча чыккан эмес. 130 млн. деген бир жылда чыкса биздин бюджет үчүн чоң сокку, биз бул суммага аябай аксап калабыз. Андай акча жок. Демек, бул жерде Өзбекстанданбы, башка жактанбы же ишкерлерден келгенби, айтор, ар кандай жолдор менен келген акчалар тарап кетип атат. Банктык системада кызматы үчүн (услуга) алабы-албайбы мен аны билбейм. А транзиттен алынбайт. Мыйзамда андай жок. Бири-бирибизге жалган сүйлөбөйлү. Бирөөнүн акчасы келди-кетти болгондо, ким алмак эле аны? Финансы полициясы бүгүнкү күндө ишкерлерге куугунтук жасап атат. Ага 100 пайыз кошулам. Ал эми алар аттуу-баштуу жарандарды текшергенден коркуп атат. Ошондуктан бул кадр саясаты эмес, «кадровый голод» эмес, азыр кыйшык, тажрыйбасы жок кадрлар коюлуп атат десем жаңылышпайм. Мен аларга кошулам. Бул система эбак эле Акаевден бери башталган. Аны кармап, сактап уланткан Атамбаев азыр камакта. А бул эмне, чара колдонуу эмеспи? Ошол премьер-министрлер, министрлер камакта отурат. Бажы кызматынын башчысы камакта отурат. Бул чара колдонуу эмеспи? Чара колдонулду деген сөз. Бирок бүгүнкү күндө бир гана персонажга байланыштуу «камалсын» деген ураандар чыгып жатат. Бул туура эмес ураан. Жоопко тартылсын деп айтса, мейли. Текшерип туруп, жоопко тарткыла десе туура болот. Ал эми камалсын деген кимге укук берилген андай? Мына жакында эле Өмүрбек Чиркешовичти бир Маевскийдин айтылган сөзү менен камалып турганда, ушул эле адамдар баары кыйкырып турган да, туура эмес бир эле адамдын айтымы менен болбойт деп. Бүгүн биз кайталап атабыз, бир адамдын айтымы менен күнөө мойнуна коюлуп атат. Система менен күрөшүп, системаны токтотуш ксрек. Бул аябай катуу кадам, ал үчүн саясий эрк керек деп мен кошулам. 30 жылда курган коррупциялык система өзүн-өзү өзгөртпөйт, алданбагыла. Капитализмдин табияты ушундай. Адамдарга байлык топтош керек, ал үчүн буларды алдаш керек да. Цифровизация сөзсүз жакшылыкка алып келет. Бирок негизги максат – байлык, а байлыкка ким аракет кылат? Бийликте тургандар. Бул түшүнүктүү да.

Ал жазага тартылбайт. Анткени, эч ким мен буга акча бердим деп жазып бербейт. «За создание коррупционной системы» дегенге жоопкерчилик бар. Бирок, аны ал түзгөн эмес болчу, ал улантып кеткен. Бир жүк ташуучу: «Мен баланчамын, баланчага 5 миң доллар бердим»- деп силерге жазып бердиби? Жок. Эгерде алар жазып берсе, мен 5 миң доллар берип атам ай сайын десе бул анда башка сөз болмок. А божомолдорду кантип анык дейбиз? Орустарда «Не пойман – не вор» деген сөз бар, бул ачуу чындык болуп атат, айла жок» – деген сөздөрүн айкан. Окуп чыгып талдап көрүңүз, окурман…

Булак: “De-facto”

Последние новости