www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

       Бүгүн, биздин редакцияга учурда оору менен алпурушуп, башынан оор күндөрдү кечирип жаткан секелек кыз кат менен кайрылды. Атын сыр сактагысы келген каарманыбыз арыз-муңун төмөндө жазган: "Саламатсыздарбы! Мен туберкулездун ачык түрү менен ооруйм. Больницада беш ай даары ичип колдорум тырышып өзүмдөн кетип калып жаттым. Врачтар коркуп даарыны үйүңдө ич деп үйгө чыгарып койду. Үйгө келгенде ичпей койдум...

Табыптардын, түрдүү компаниялардын даарысын ичтим. Интернеттен уккан даарыны эле заказ кылып алып ичтим эч бири пайда бербеди. Акча суудай кетти. Жалгыз апам бар мага кошулуп апамда чунчуп кетти. Мен күндөн-күнгө оорлошуп баратам. Апам менден үмүтүн үзүп нес болуп калды...

Кудайым өзү кечирсин, ден-соолук үчүн кылбаган нерсем жок. Укканымды кыла бердим. Иттин майын, этин да жедим. Ачкамар дегендин майын ичтим бири да жардам бербептир. Тескерисинче рентгенге түшсөм, өпкөмдүн жарымы кетиптир Азыр эми дагы врачтардын даарысын ичип баштадым, бирок дагы кыйналып жатам. Арыктадым... Сөгүм гана калды... Кээде көчөгө чыгып, өзүмдү алаксытып айрым коомдук жайларда тамактанам. Бирок, коомдук жайда тамактанган мага болбойт экенин жакында гана түшүндүм. 17 жашымда ооругам. Азыр 20 жаштамын, аябай кыйналдым, кээ бирлер акча үчүнн болбогон эле нерселерди даары деп акчабызды алыптыр. Адам жашоосу толук бүтүп түгөнмөйүнчө үмүт кыла берет экен. Мен да кимдир бирөө себепчи болуп айыгып кетермин деп үмүт кыла берем..."- деп сөзүн жыйынтыктаган. 

Аруужан Булекбаева

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости