www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Йеменде 8 жаштагы кыз турмушка чыккандын эртеси жыныстык катнаштан алган жаракатынан улам каза болду. Адамдын укугун коргоо уюму кыздан 5 эсе улуу күйөөсүн камакка алууга чакырып жатат. Бул тууралуу чет элдик булактардын бири жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя Сауд Арабиясы менен чектешкен Йемендин түндүк-батышындагы Хард провинциясында болгон. Бул кайрадан эле Жакынкы Чыгыштагы  күч менен никени кыю маселеси дүйнөнүн назарын бурууда.

ООНдун маалыматы боюнча, 2011-жылдан 2020-жылга чейин 140 миллон кыз бала кезинде турмушка берилген. Мындан сырткары, 140 миллиондун ичинен 50 миллтону 15 жашка чыга элек кыздар. Аларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлбөйт жана билим ала алышпайт. Никедеги кыздар физикалык, эмоциялык зомбулукка кабылат.

Белгилей кетсек, 2009-жылдын февраль айында Йеменде кыздарды 17 жаштан баштап гана никеге турууга боло тургандай кылып мыйзам ойлоп табылган. Бирок, тилекке каршы эскичилдер бул мыйзамды антиислам деп аташып кабыл албай коюшкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости