www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогору Кеңешинин депутаты, Кыргызстандагы казактардын ассоциациясынын төрайымы Гүлшат Асылбаева Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада ачылган Абай атындагы кыргыз-казак маданий борборунун ачылышына катышты.

Аземде сөз сүйлөгөн депутат Гүлшат Асылбаева борборду ачуу демилгеси Кыргызстандагы казактардын ассоциациясына таандык экенин белгилеп: "Ушул катаал учурга, пандемияга карабай идеяны колдогондорго ыраазычылык билдирем. Албетте, азыр гуманитардык жана медициналык жардамдардын мааниси зор, бирок маданий, достук байланыштарды да чыңдоо зарыл. Бүгүн борбордун ачылышы кыргыз-казак мамилелеринин өзгөчө мүнөзгө ээ экендигинин далили. Биз руханий жана маданий багыттан боордош элбиз. Мындан ары да биргелешкен аракет менен тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөөнү көздөйбүз. Абай атындагы кыргыз-казак маданий борборунун китеп текчеси дагы байып, бул жерде ири иш-чаралар өтөт. Бул боюнча Улуттук китепкана менен Кыргызстандагы казактардын ассоциациясы ортосунда меморандумга кол коюлду" - деди.     

Белгилей кетсек, аталган маданий борбор улуу казак акыны жана даанышман ойчулу Абай Кунанбаевдин 175 жылдык маарекесинин алкагында ачылып, эки элдин маданий жана гуманитардык байланышын арттыруу багытында иш алып барат.

Борбордо 500дөн ашуун кыргыз, казак, орус жана англис тилдериндеги басылмалар бар, ошондой эле конференция, окуу залдары, баарлашуу бөлмөлөрү иш алып барат.   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости