www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусунда байчечекей гүлдөдү.
«Баткенде байчечекей гүл ачты. Кадамжай районуна караштуу Көтөрмө айыл өкмөтүнүн Чандеки айылынын Күңгөй жайлоосунда», - деп жазат Facebook колдонуучусу.
Анын айтымында, Сүрөт 14-январда татылган.
Байчечекей (лат. Crocus, L. 1753) – чекилдектер тукумундагы өсүмдүк уруусу. Тамыры түймөктүү, сабагы жалгыз, жалбыраксыз, бир гүлдүү – бийиктиги 5-10 см. Гүлдөрү 6 мүчөлүү, энелиги бирөө. Мөмөсү – көп уруктуу кутуча. Жалбырактары ичке, жиптей. Тамыр моюнчасынан өсөт, ороочтуу. Биздин эки түрү тоо этегинде эрте жазда, кар кете электе өсүп, гүлдөйт.
Анын Кыргызстанда 2 түрү – Карольков Б., алатоо Б. кездешет. Сейрек учурайт, жоголуп бараткан түр катары Кыргызстандын Кызыл китебине жазылган. Көк жана ак түстөгү назик гүлдөрдү жаз айларында эритилген тактардан тапса болот, жана алар, албетте, кар астында калып, пайда болушкан. Баса, кар баскан жердин астында өсө баштаган жана алгачкы жылуу күндөрү гүлдөөгө даяр болгон бардык өсүмдүктөр «Байчечекейлер» деп да аталат.
Булак: NazarNews.kg