www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад шаарындагы үй-бүлө тибиндеги “Ак-Бермет” жана “Ак-Жол” балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына шириндиктер таратылып, эс алуу багындагы аттракциондордо акысыз ойношту. Бул иш-чара шаарда жарыяланган балдарды камкордукка алуунун “Балдар - биздин келечегибиз” аталышындагы бир айлык иш-чараларынын алкагында жүргүзүлдү.
Бул кайрымдуулук иш-чарасы шаардык кеңештин депутаты Адилбек Жоробаевдин демилгеси менен уюштурулду. Депутат эми бул иш-чара менен эле чектелип калбастан, аярлуу балдардын мүдөөлөрү үчүн дагы да аракет кыла бере турганын айтты. Биринчи кезекте алардын билим алуусу, коомго аралаша билүүсү жагына көңүл бурулат.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан 25-майдан 25-июнга чейин балдарга камкордук көрүүнүн бир айлыгы жарыяланган. Анын алкагында шаарда ар тараптуу иш-чаралар өтүүдө. Ал эми Жалал-Абад шаарында 35 тоголок жетим балдар, 18 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелген 428 бала, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 2 миңден ашуун балдары бар.
Булак: NazarNews.kg