www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында социалдык жана турак-жай обьектилериндеги, ошондой эле Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык (25,1 км), Ак-Сай - Рават (25 км), Кулунду – Максат - Арка (30 км) жана Самаркандек - Даркум - Мадиген (44,1 км) унаа жолдорундагы оңдоо-калыбына келтирүү жана курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Курулуш подрядчиктери менен жолугушуу учурунда оңдоо-калыбына келтирүү жана курулуш иштеринин жүрүшүн үзгүлтүксүз мониторингдөө үчүн күнү-түнү видеокөзөмөлдөө камераларын орнотуу жөнүндө макулдашуу болду.
Учурда аталган иштер бекитилген көлөмдө жүргүзүлүүдө, айрым объектилерде видеокөзөмөлдөө камералары орнотулган (Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы орто мектептин курулушу).
Иш сапардын жыйынтыгы боюнча аткаруу мөөнөтү жана жооптуу жактар көрсөтүлгөн тийиштүү Иш-чаралар планы иштелип чыгып, бекитилген.
Белгилей кетсек, курулуп жаткан жолдордун жалпы узундугу 124,2 км түзөт. Кыргыз Республикасынын чек арасындагы аймактарда жайгашкан Баткен облусунун калктуу пункттарындагы социалдык объектилерди жана транспорт инфраструктурасын калыбына келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-майындагы № 114- буйругу менен республикалык бюджеттен 700 млн сом бөлүнгөн.
Булак: NazarNews.kg