www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 20-июнунда болжол менен түнкү саат 00:00 чамасында Бишкек шаардык ИИББнин “102” кызматына Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде  «авто унааны уурдап кетти» деген маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек шаардык ИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматы келип, маалыматты тактаганда, 1981-жылы туулган С.Б аттуу аял киши арыз менен кайрылган. Анда ушул эле күнү саат 02:30 чамасында арыз ээсинин  1984-жылы туулган М.И. аттуу жолдошун Пригородный айланма жолунда белгисиз бала бычак менен бир нече жолу сайып, арык жээгине таштап кетип, "Део Матиз" үлгүсүндөгү автоунаасын айдап качып кеткен.

Көрүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмыш изи сууй электе шектүү катары 1998-жылы туулган Э.М аттуу жаран кармалып, Аламүдүн райондук ИИБгынын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Нет описания.

Азыркы учурда бул факт Аламүдүн райондук ИИБгы тарабынан кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренесинин (каракчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости