www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биздин сайттын анонимдүү куржунуна келип түшкөн каттардын бири. Каарманыбыздын атын өзгөртүү менен (Айгерим) деп бермекчибиз.
Турмушка чыкканыма эки жылдын жүзү болду. Сүйүү менен турмушка чыгып, кыялымдагыдай той болуп жашап калдым. Бирок, күйөөм абдан катынпоз, ойношчул болуп чыга келди. Бойдок достору менен сауналарга көп барат. Анын айынан көп урушабыз. Саунага барса эч нерсе болбоорун айтып актанат.
Менин жанымда көп болбойт. Түнү бир оокумда келип жаныма жатат. Бир айда бир же эки жолу кошулабыз. Болду эч нерсе болбойт. Үч айлык наристем бар. Мындан улам акыркы учурда ал мени сүйөбү деген суроо менен башым маң болуп жашап калдым.
Эки жылдык никебизде ал мага бир дагы жылуу сөз айтпаган. Дайыма жаман сөздөр менен мени сөгүп, урушуп, сабап салат.
Ал эле эмес акча тапканды да билбейт. Үйгө бир сом алып келгенин көрбөйм. Канчалаган кыздар менен жазышып, алар менен жолугуп, жатып жүргөнүн билсем да, көрмөксөнгө салам. Айрымдарын айтсам, моюнга албай кутулат же тескерисинче мени жемелейт.
Мен бактысызмын жана жылуулукту сезбей, бүт өмүрүм ушуинтип өтүп кетеби деп корком. Акыркы бир жылда абдан карып кеттим. Мурдагы шайыр, дайыма күлүп жүргөн мен жок. Эмне кылсам болот?
Маржан Назарбаева,
Булак: NazarNews.kg