www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин кылымдын атактуу, Голливуддун жогорку акы төлөнүүчү куудул актёру- Жим Керри. Ал кино үчүн төрөлгөн. Анын келбети, жүзү, ошол эле учурда бир катар сезимдерди билдиргени, сиз каалаган жана жаратылыш тартуулаган харизмасы, кандай гана позада турбасын жарашыктуулугу актёрдук талантын кеңири ачып турат. Актёрдун өзүн татыктуу көрсөтө олуттуу ролдору болгон, бирок ал буга чейин куудул актёру болгондуктан ал ошол бойдон эл эсинде кала берди. Бүгүн, биз мына ушул актёр тууралуу кызыктуу фактыларды иргеп, сиздерге тартууламакчыбыз!

- Толук аты- Жеймс Юджин Керри.

- 55 жаштагы актёрдун атасы бухгалтер, апасы ырчы болгон.

- Жим АКШнын жана Канаданын жараны.

- Бала чагында күзгүнү карап алып келбетин улам бир атактуу адамдардыкына окшоштуруп олтуруп, аны хоббисине айлантып алган.

- Жакырчылыктын айынан мектеп курагнды заводдо күзөтчү болуп иштеген.

- Актёрдук карьерасында Жим өзүнө эң алгач 10 млн $ турган чекти кыялданып жазып алып, аны кийин “Человек с резиновым лицом” тасмасында гонорар кылып алган.

- Өзү комедиялык ролдорду жактырса да, бул образдарды аткарууда депрессияга кабылып, антидепрессанттарды пайдаланып турган.

- Актёрго ийгиликти 20 жашында “Эйс Вентура” аттуу тасмасы алып келген.

- Жим тарыхтагы 20 млн $ гонорар алган эң алгачкы актёр. Актёр бул гонорарды 1996-жылы “Кабельщик” кино тасмасына тартылып алган.

- 1997-жылы “People” журналынын тандоосу боюнча “Дүйнөдөгү эң сулуу адамдар” деген тизмеге илинген.

- Актёр 2001-жылы 45 млн $ турган жеке менчик самолетун сатып алган.

- Бала чагында Владислав Третьякту кумир туткан. Актёр Россияга барганда кумиринин сүрөтү түшүрүлгөн футболканы кийип барган.

- Жим- вегетарианец.

- Голливудда эң көп ушак кептер ээрчиген, талкуу болгон актёр катары белгилүү.

Последние новости