www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Искусствонун кайсы тармагын албайлы, чын-чынында профессионалдуулук көөкөр таштай өзгөлөрдөн өзгөчөлөнүп турат окшобойбу. Ал эми талант, жөндөм, изденүүнү бир калыпка сала алган актёрдун бүгүнкү күндө сахна сересинде үлкөн орду бар.

 Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актёру Жеӊиш мырзаны маекке тарттык.

- Чыныгы кесипкөйдүн өнөрүн сынаган учуру келет экен...

- Мен эмгек тажрыйбамда көп каармандарды ойнодум. Кичинеби же чоң ролбу баары бир ал каарман да... Окуянын жүрүшүнө жараша каармандын чиймеси (линия) болот мына ошол чиймеге түшө алганда гана режиссёрдун багыты, жанр, учур, заманы дегендей...

- Аткарган каармандарыңыздын ичинен кайсы каарман сиздин мүнөзүңүзгө жакын, ошону билгим келди?

- Мен ар бир каарманыма аз-маз болсо дагы өзүмдүн кыял-жоруктарымды сарптаганга аракет кылам. Драматург Мар Байжиевдин “Төрт адамында” Азиз деген моряк жигитти ойногом. Негедир ушул ролум мага жакындай сезилет.

М. Абдыкалыковдун “Сүтак” деген тасмасында Эрмек деген каарманым бар, ошол каармандын кулк-мүнөзүнөн өзүмдү көрөм. Себеби мен так жүргөндү жакшы көрөм. Мени мамиледе сатып кеткендерге түк кайрылбайм. Принцип дегендей, Чеховдун “Сунуш” спектаклинде Ломовдун ролу мага өтө жакын.

- Бардык каармандарыңыз өзүңүзгө жакын экени талашсыз. Кантсе дагы жүрөгүңүзгө жакыны бардыр...

- Режиссёр ролду бөлүштүргөндө актёрлорго ылайыктап бөлөт да. Ал каарман оңбу же терспи актёрдук кесипти тандап алган соң аткарууң милдет. Ошол терс каармандын деле актёр үчүн ролу бийик. Жашоодо эч бир адам “мен жаман кишимин” деп өзүнө-өзү айып койбойт да.

Кандай кылмыш иш кылбасын баары бир аныкы туура. Ошондон улам конфликт пайда болот, окуя андан ары өрчүйт...Сахнадан да мен ушундай “задача” менен ойноймун.

Мисалы: драматург Ж. Садыковдун “Манастын уулу Семетей” спектаклинде терс каарман Кыргылчалды көп жылдар бою аткарып келемин. Жакшылап анализ жүргүзүп көрсөм, бардык кылгылыкты жасап жаткан ушул чыккынчы Кыргылчал экен.

Демек ал өзүн туура кылып жатам деп ойлойт, себеби анын дагы түпкү максаты бар - такка отуруу, бийлик! Кыскасы өтө кызыктуу роль. Ролдорумду ушул өңүттөгү багытта каарайм, ошондуктан баары менин жүрөгүмө жакын.

- Сагынган каарманыңыз барбы?

- Театр жаштыкты сүйөт эмеспи. Жаш кезекте ар кыл жомокторду бөбөктөргө тартуулачубуз. Оскар Уальддын “Жылдыз балада” башкы каарман Жылдыз баланы аткарганым күнү бүгүнкүдөй эсимде. Азыр дагы коюлса, жаштыкты эстеп бир ойногум бар.

- Ар бир актёрдун кыялында жашап келген ролу болот эмеспи...

- Кыялымда ойносом деген ролдор көп... Эми элдин баары эле Гамлет эмес экен, Бостон, Ромео же Онегин эмес экен дегендей...Бардык эле актёр ойносом экен деген ролуна жете бербейт экен. Мен түпкү кыялымда бир сценарий жазылып калса, бүгүнкү күндүн каарманынын ички дүйнөсүн чагылдырып, ошону элге жеткизгим келет эле.

Динара Асылбекова, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости