www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция: Шайлоого аттанган бир партия админресурс колдонгон

Мугалимдер административдик ресурсту пайдаланып, 18 жашка толо элек студенттерди алдоо жолу жана буйрук менен мыйзамсыз аянтка митинге алып келген. Бул туурасында Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, 4-ноябрь күнү Ош шаарынын борбордук аянтында «Азаттык» партиясы тарабынан Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин студенттери өз эркинен сырткары үгүт иштери үчүн митингге алынып келген. 

Бул маалыматты текшерүү үчүн митингге катышкан студенттер менен мугалимдерди Ош шаардык милиция суракка алган. Сурактын жыйынтыгында, баарынын жашы 18ге толо элек, паспорт ала элек болуп чыккан. 

Алар өз көрсөтмөлөрүндө - айрым агайлары административдик ресурсту пайдаланып, «экскурсияга барабыз» деп алдап, Ош шаарынын борбордук аянтында өтүп жаткан «Азаттык» партиясынын митингине алып келгендигин айтып, мугалимдерине карата көрсөтмө берген. Жалпысынан 8 мугалим менен 15 студент суралган.

Бул факт боюнча Жоруктар кодексинин 87-1 беренесинин 2-бөлүгүнүн (Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу) белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери аяктап калды. Жакынкы күндөрү иш соттук кароого берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости